Шаршемби күнү Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев жолугушту

Өлкө башчы менен экс-президенттин эмне тууралуу сөз кылганы айтылган жок
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кечээ, 28-март күнү, өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев жолугушту. Бул тууралуу маалыматты өлкө башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Иса Өмүркулов КСДП фракциясы эмнеге чогулганын айтты
Анын айтымында, Жээнбеков президеттик кызматка келгенден бери экс-өлкө башчысы менен бир нече жолу кезиккен.

Жолугушуу маалында алардын эмне тууралуу сөз кылганы айтылган жок.

Баса, буга чейин Социал-демократтар партиясынын (КСДП) съезди ушул жылдын 31-март күнү өтө турганы белгилүү болгон.  Анда Атамбаевди партия лидери кылып шайлоо маселеси каралары айтылган.