Бишкектеги Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде (Манас проспектиси 40, 2-кабат) жайгашкан "Галерея М" дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт. Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгегин көрүүнү каалагандар эч кандай акы төлөшпөйт.
Жеке мекеме болгон "Галерея М" 1991-жылы ачылган. Ошондон бери жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын көрүүчүлөргө тартуулап келет. Негизинен галерея ай сайын ар кандай тематикадагы сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурат. Ага байланыштуу бул жердеги картиналар да ар дайым жаңыланып турат. Галереяда сүрөттүн бардык түрлөрү бар. Живопись сүйүүчүлөрү бул жерден пейзаж, портрет, натюрморт жана башка жанрдагы эмгектерди көрө алышат.
Көркөм галереянын куратору Мээрим Акматкулованын айтымында, өз эмгегин көрүүчүлөрдүн сынына койгусу келген жаш сүрөтчүлөр үчүн галереянын эшиги ар дайым ачык.
"Биздин пландагы көргөзмөлөрдүн тематикасына туура келсе сүрөттөрдү көргөзмөгө кошобуз. Бул жаш сүрөтчүлөрдүн таанылуусуна, балким чыгармалары сатылса каражат табуусуна шарт түзөт. Негизи эле сүрөтчүлүк ай сайын маяна алчу кесип эмес да. Бирок ага карабай эмгектенип, жаңылануунун үстүндө иштешет. Биз дагы элдин чыгармаларга көңүл буруусун, руханий азык алып, жаккан эмгекти сатып алуусу үчүн аракет кылып жатабыз. Бул авторлорго чоң жардам болот. Себеби сүрөтчүлөр чыгармасы сатылса гана каражат табышат", — деди Акматкулова.
Куратордун айтымында, сүрөттөрдү сатып алууну каалагандар көп. Баасы миң сомдон миң долларга чейин жетет.
Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун жетекчиси, КР эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев көркөм галереялардын бир гана авторлорго эмес, өлкө жана анын эли үчүн да маанилүү экендигин баса белгиледи.
"Жарандар "Галерея М" жайына жалгыз гана кыргыз картиналарга суктануу үчүн эмес, сүрөт өнөрүн үйрөнүү үчүн да барса болот. Галереяда сүрөтчүлүк, айкелчилик жана кол өнөрчүлүк боюнча атайын мастер-класстар өткөрүлүп турат.
Галереяда азыркы учурда "Жазгы вернисаж" аттуу көргөзмө өтүүдө.