БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Баткенде "Абайла, балдар!" профилактикалык иш-чарасы өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) мектеп окуучулары менен биргеликте жол эрежесин бузган айдоочулар менен жөө адамдарды көзөмөлгө алышкан.
Ошондой эле облустук ЖКККББ автоунаадагы балдарга сөзсүз түрдө коопсуз куру тагылышы керектигин эскертет.
Ал эми Тез жардам кызматынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов жол кырсыктын күбөлөрү эмнелерди жасабашы керектигин айтып берди.