Исаков соода борборлорунда өрт коопсуздугу кандай сакталганын текшерүүнү тапшырды

Өкмөт башчы кеңешмени баштоо алдында Кемерово облусундагы кырсыкка байланыштуу Россия элине көңүл айтты
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Россиянын Кемерово шаарында болгон өрттөн улам Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирге соода-көңүл ачуучу борборлордо, башка коомдук жана эл көп топтолгон жерде өрт коопсуздугунун сакталышын текшерип чыгууну тапшырды.

Бул тууралуу өкмөт башчы жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча облус жана район жетекчилеринин катышуусундагы селектордук кеңешмеде билдирди.

Кайдан деп болобу... Кемероводогу каргаша Кыргызстанда кайталанбайбы?
Исаков жыйынды баштоо алдында Кемерово шаарындагы кырсыкка байланыштуу Россия элине көңүл айтты.

Ошондой эле ӨКМдин өрт коопсуздугу боюнча окууларды жүргүзүп, калк арасында жеринен түшүндүрүү иш-чараларын күчтөндүрүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, 25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда өрт чыгып, 64 кишинин өмүрүн алды. Өрт кантип башталганы видео байкоого түшүп калган.

Бул трагедия акыркы 100 жыл ичинде Россияда болгон эң чоң төрт өрт кырсыктын бири катары эсептелүүдө. 1999-жылы Самарада Ички иштер башкармалыгында тилсиз жоо 57 өмүрдү алып кеткен. 2007-жылы Краснодар аймагындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 63 киши каза тапкан. 2009-жылы Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" клубунда чыккан өрттөн 153 адам өмүрү менен коштошкон.