БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Москва шаарында кир жуучу жайда иштеген кыргызстандык 29 жаштагы кыз жумуш ордунан күйүп калып, элчиликке бир айдан кийин гана кабарлаган. Мындай маалыматты Кыргызстандын Россиядагы дилпоматиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя январь айынын аягында болгон. Бирок жабырлануучу ушул убакка чейин ооруканадан чыга элек. Ал кир жуучу жайда үтүкчү болуп иштеп жүрүп эки колун тең катуу күйгүзүп алган.
"Жабырлануучу ооруканага жаткырылганы менен расмий органдарга кайрылбаптыр. Ал тууралуу биз социалдык тармактарга кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жазган маалыматтан улам, февраль айынын аягында билдик", — деди элчиликтин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова.
Анын айтымында, кыргызстандык жаткан ооруканага элчиликтин өкүлү барып келди.
Кыргыз жараны менен болгон окуянын чоо-жайын иликтеп, тиешелүү чараларды көрүү үчүн элчилик Москва шаарынын Эмгек инспекциясынын жетекичисине кайрылды.
Ошондой эле учурда кыргыз жаранына Москва шаарындагы туугандары кол кабыш кылып жатканы кошумчаланды.