Куранды жатка айтып мыкты болгон карыга 370 миң сом сыйлык берилди

Куран окуу боюнча жарыш быйыл сегизинчи жолу өткөрүлүп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстанда куранды кырааты менен окугандардын мыктысы атайын мелдеште аныкталганын уюштуруучулар билдирди.

Базар-Коргондо имамдар 100гө чукул мөмөлүү дарак отургузду
Ага ылайык, куран окуу боюнча жарыш 26-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн. Мелдешке жалпысынан өлкө аймагы боюнча 300дөй киши катышып, 25 киши финалга чыгып, курандын үчтөн бир бөлүгүн жатка билгендер, курандын үчтөн эки бөлүгүн жатка билгендер жана куранды толук жатка билгендер болуп үч этапта ат салышкан.

Биринчи этапта жеңишке жеткенге 60 миң сом сыйлык, экинчи этапта биринчи болгонго 130 миң сом жана үчүнчү этапта алдыга чыккан катышуучуга 370 миң сом сыйлык берилди.

Ошондой эле башка катышкандарга кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылган.

Куран окуу боюнча жарыш быйыл сегизинчи жолу өткөрүлүп жатат.