Кемероводогу кырсыктан көз жумган маркумдардын баарынын сөөгү табылды

ӨКМ каза болгондордун 41и балдар экенин тастыктады
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кемероводогу "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрттөн көз жумган 64 маркумдун тең сөөгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери таап чыкты. Бул тууралуу ведомствонун жетекчисинин орун басары Владлен Аксенов билдирди.

"Каргашадан жалпысынан 64 адам көз жумган. Алардын сөөктөрү табылды. Дайынсыз жоголгондор жок", — деди ал.

Аксенов каза болгондордун 41и балдар экенин тастыктады.

Кайдан деп болобу... Кемероводогу каргаша Кыргызстанда кайталанбайбы?
Облустук саламаттык сактоо департаментинин маалыматы боюнча ооруканада 14 жабырлануучу жатат, алардын экөө — балдар. Дагы 65 адам (25и балдар) амбулатордук дарыланууда.

Белгилей кетсек, 25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда өрт чыгып, 64 кишинин өмүрүн алды. Өрт кантип башталганы видео байкоого түшүп калган.

Бул трагедия Россиядагы эң чоң төрт өрт кырсыктын бири катары эсептелүүдө. 1999-жылы Самарада Ички иштер башкармалыгында тилсиз жоо 57 өмүрдү алып кеткен. 2007-жылы Краснодар аймагындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 63 киши каза тапкан. 2009-жылы Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" клубунда чыккан өрттөн 153 адам өмүрү менен коштошкон.