Бали, шумкарлар! Индиялык атаандашты жеңген кыргыз футболчуларынын беттеши сүрөттө

Sputnik

Оюн талаасына чыгары менен эле кыргызстандык оюнчу Антон Землянухин Индиянын дарбазасына топ киргизип эсеп санын ачты. Биринчи 45 мүнөттүк бөлүк ушуну менен өзгөрүүсүз соңуна чыкты. 

Сүйүнчү! Кыргызстандын футболчулары биринчи жолу Азия чемпионатында ойнойт
Ал эми экинчи бөлүктүн 71-мүнөтүндө Бактияр Дүйшөбековдун ашырып берүүсү менен Мирлан Мурзаев экинчи голду киргизе алды. Андан бир аз убакыт өткөн соң Антон Землянухин жаракат алып оюн талаасын таштап кетүүгө мажбур болду. Бирок оюндун 86-мүнөтүндө индиялык спортчулар да Кыргызстандын дарбазасына бир топ киризүгө жетишти. Натыйжада 2:1 эсеби менен улуттук команда атаандаштарын багындырды. Ушундай жеңишти күткөн стадиондогу күйөрмандар катуу сүрөөн менен кол чаап, кыргыз фуболчуларын оюн талаасынан узатышты. 

Кыргызстандын командасы Мьянманын курама командасын 5:1 эсебинде жеңгенден кийин 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган. 

1 / 15
Улуттук курама команданын капитаны Азамат Байматов атаандаштарынын алдын тороо аракетинде. Ал эми дарбазачы топтон эки көзүн албай карап турган чагы
2 / 15
Бул сүрөттөн оюнчулар да, топ да жерге тийбей турганын көрүүгө болот
3 / 15
Индиянын командасын да колдоп келген күйөрмандар катуу сүрөөнгө алып турду
4 / 15
Индиялык оюнчу менен калыс жыгылып түштү. Алардын жанындагы кыргызстандык оюнчу Павел Матяш буттан тайган эмес
5 / 15
Мелдеш борбор калаада Дөлөн Өмүрзаков атындагы “Спартак” стадионунда өттү
6 / 15
Келген топту башы менен сүзүп артка кайтарып жаткан оюнчу кадрга түшүп калган
7 / 15
Алдыдагы топту мээлеп турган Антон Землянухин. Алгчкы голду дал ушул жигит киргизди
8 / 15
Кыргыз футболчуларынын күйөрмандарынын сүрөөнүнөн кулак тунат. Улуттук команданы колдоого шоу-бизнестин өкүлдөрү да келген
9 / 15
Оюнда Индия командасы тарабынан эреже бузуулар көп катталды
10 / 15
Капитан Азамат Байматов топту атаандашына алдырып жибербөөнүн айласын көрүп жатат
11 / 15
Оюндун башкы калысы Землянухинге бир нерсени түшүндүрүп жаткандай
12 / 15
Бул беттештен Кыргызстан жеңилсе деле Азия чемпионатында ойноого жолтоо болмок эмес
13 / 15
Кыргызстандын Футбол федерациясы Азия кубогунун финалына чыккандыгы үчүн курама командага 120 миң доллардын сертификатын тапшырды
14 / 15
Кубанган футболчулар оюндун аягында машыктыруучусу Александр Крестининди аба көтөрүп ыргытты
15 / 15
Ушул шумарлардын түзүлгөн Кыргызстан командасы алгачкы жолу 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган.