Шаршембиге карата аба ырайы

Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй менен Таластын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкектеги коомдук транспорт жаңы багыт боюнча каттайт. Карта
Ал эми күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй менен Талас облустарында 11…16 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад дубандарында күндүн табы 14…19 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында абанын температурасы 7…12 градуска чамалап барары айтылды.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күн 13…15 градус жылуу болот. Ошто түнкүсүн жаан жаап, 15…17 нөлдөн жогору болмокчу.