Кемероводогу каргашалуу кырсыктан кийин кыргызстандыктар соода борборлорундагы коопсуздук маселесине тынчсыздана башташты. ӨКМдин алдындагы Адистерди даярдоо борборунун кафедра башчысынын орун басары Мадимар Мамбетов өрт чыккан имаратта калсаңыз эмне кылуу керектигин айтып берди.
1. Эң алгач 101ге чалып, кырсык тууралуу маалымат берүү керек.
3. Өрт чыккан маалда терезени ачып же айнегин талкалоого болбойт. Анткени кычкылтек жалынды күчөтүп жиберет.
4. Лифт менен түшүүгө таптакыр болбойт. Жарык өчүп калса темир капканда каласыз.
5. Көпчүлүктөн болушунча окчунураак турганыңыз оң.
6. Сыртка чыгуу үчүн тепкичтерди табууга аракет кыганыңыз оң. Негизи заманбап имараттардын баарында негизги жана кошумча тепкич болот. Аларды атайын көрсөткүч менен табууга мүмкүн. Элдин агымына берилип кетпеш керек. Имараттын ичиндегилер кээде туура эмес багыт алып кетиши мүмкүн. Эшиктердин жанында илинип турган таблицаларды карап, карта менен жүрүүгө аракет кылыңыз.
8. Өрттөн качып баратып көпчүлүктө жыгылып кетсеңиз, дароо тура калганыңыз жакшы. Денеңиздин ооруганына, коркконуңузга карабаңыз. Дагы бир ирет айтам, өмүр баарынан кымбат. Элдин шары аман калуу үчүн жыгылып калган сизге карап токтоп калбайт. Эгер бирөөнүн жыгылып калганын көрсөңүз да өтө тездик менен аны тургузуп, сыртка умтулганыңыз оң.