Ура-аа! Кыргыз футболчулары Индия командасын багындырып жеңишке жетти

Кыргызстандын командасы Мьянманын курама командасын 5:1 эсебинде жеңгенден кийин 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар — Sputnik. Борбор калаада өткөн футбол боюнча Кыргызстан менен Индиянын курама командаларынын беттешинде улуттук команда жеңип алды. 

Оюндун башталаары менен улуттук команданын оюнчусу Антон Землянухин Индиянын дарбазасына топ киргизип эсеп санын ачты. Биринчи 45 мүнөттүк бөлүк ушуну менен өзгөрүүсүз аяктады. 

Кыргызстан — Мьянма футболчуларынын беттеши. Видео
Ал эми экинчи бөлүктүн 71-мүнөтүндө Бактияр Дүйшөбековдун ашырып берүүсү менен Мирлан Мурзаев экинчи голду киргизе алды. Андан бир аз убакыт өткөн соң Антон Землянухин жаракат алып оюн талаасын таштап кетүүгө мажбур болду. Бирок оюндун 86-мүнөтүндө индиялык спортчулар да Кыргызстандын дарбазасына бир топ киризүгө жетишти. Натыйжада 2:1 эсеби менен улуттук команда атаандаштарын багындырды. Стадиндогу эл кыргыз фуболчуларын катуу сүрөөн менен кол чаап оюн талаасынан узатышты. 

Кыргызстандын командасы Мьянманын курама командасын 5:1 эсебинде жеңгенден кийин 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган. Кыргызстан бул оюндан жеңилип калган учурда да жолдомо жокко чыгарылбайт.