"Ак-Босогодо" ачылган Калкты тейлөө борбору 4 конушка кызмат көрсөтөт

Жергиликтүү тургундар түзүлүп жаткан ыңгайлуулукка ыраазычылык билдиришти
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкектин "Ак-Босого" жаңы конушунда Калкты тейлөө борбору ачылганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Паспорт жоготтуңузбу? Калыбына келтирүү жолдору
Маалыматка ылайык, №81 орто мектептин жанында жайгашкан борбор "Ак-Босогодон" тышкары "Эне-Сай", "Келечек" жана "Дордой" жаңы конуштарын да тейлемекчи.

Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин жетекчи орун басары Бакыт Конушбаев ачылыш салтанатында алгач бул жерден паспорт алуу үчүн документтерди тапшырып, жашаган жер боюнча катталуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди.

"Жакын арада жеке идентификациялык номер да алууга болот", — деди ал.

Калкты тейлөө борборунун ачылышына күбө болгон жергиликтүү тургундар түзүлүп жаткан ыңгайлуулуккка ыраазычылык билдиришти.