Бишкекте апрелдин аягына чейин бир нече көчө жабылды. Схема

Бишкек мэриясы айдоочулардан башка жол тандап алууну өтүнөт
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 26-мартынан тарта оңдоо иштеринен улам бир нече көчө жол кыймылы үчүн жабык болорун мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин реконструкциядан улам Айни, Баялинов көчөлөрү менен Эркиндик проспектисинин бир бөлүгү жабылган.

"Оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн "25" көчөсүнөн Көпүрө-Базарга чейинки бөлүгү, Орозбеков көчөсүнүн Фереден Можайскийге чейинки бөлүгү жабылмай болду. Жолду реконструкциялоо апрелдин аягына чейин бүтөт", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, алдын ала альтернативдүү жол тандап алууга чакырат.

Баса, бүгүн кечинде болчу футболдук беттештен улам Бишкектин борбордук көчөлөрү да жабылмакчы.