Баткенге учкан самолет кайра артка кайтып келди

Аба кемеси "Tez Jet" компаниясына таандык экени айтылды
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бүгүн, 27-март күнү, Бишкек — Баткен каттамындагы учак орто жолдон кайра Бишкектеги "Манас" аба майданына кайтып келди. Бул билдирүүнү аэропорттун маалымат кызматы тастыктады.

"Учак аба ырайына байланыштуу кайтып келип конду", — деп айтылат маалыматта.

Баткенге баратып кыймылдаткычы күйүп кеткен учак боюнча кылмыш иши козголду
Аба кемеси "Tez Jet" компаниясына таандык экени айтылды. Учак каттамга саат 11.10до чыккан.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган компанияга таандык дагы бир учак бир кыймылдаткычы иштебей калгандыктан орто жолдон кайтып келген.

Ал эми синоптиктер жакын арада күндүн көзү ачылбай турганын айтышты.