Балыкчыда өзгөчө жол чийиндер пайда болду. Сүрөт

Долбоор "Жарык шаар" программасынын негизинде ишке ашкан
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Балыкчы шаарында жарыктандырылган жол чийиндер пайда болгонун калаа мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө азырынча мындай жол чийинден үчөө гана орнотулган. 

Установка пешеходных переходов с подсветкой в Балыкчи

"Элдин коопсуздугун коргоо максатындагы жарык берүүчү жабдуулар жол чийиндин үстүнө өткөн жуманын аягында коюла баштаган. Долбоор "Жарык шаар" программасынын негизинде ишке ашууда", — дешти мэриядан.

Установка пешеходных переходов с подсветкой в Балыкчи
Муниципалитет планда мындай жол чийиндерди шаардын негизги трассасынын бардык жерине коюу бар экенин маалымдады.