10 алтын, 7 күмүш, 15 коло. Кыргызстандык каратэчилер Алматыдан байгелүү келишти

Турнирдин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсепте Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биринчи, Аксы райондук каратэ-до федерациясы экинчи орунду ээледи.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Алматы шаарында өткөн шотокан каратэ-до WSKF боюнча Казакстандын ачык кубогунда Кыргызстандан барган спортчулар 10 алтын, 7 күмүш жана 15 коло медаль утушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 3
Алматы шаарында өткөн шотокан каратэ-до WSKF боюнча Казакстандын ачык кубогунда Кыргызстандан барган спортчулар 10 алтын, 7 күмүш жана 15 коло медаль утушту
2 / 3
Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Казакстандын Алматы шаарында өткөн биринчиликке Кыргызстандын атынан Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынын жана Аксы райондук каратэ-до федерациясынын спортчулары барган
3 / 3
200дөн ашуун спортчу катышкан турнирдин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсепте Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биринчи орунду, Аксы райондук каратэ-до федерация экинчи орунду ээледи.

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Казакстандын Алматы шаарында өткөн биринчиликке Кыргызстандын атынан Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынын жана Аксы райондук каратэ-до федерациясынын спортчулары барган.

Жиу-житсу чебери Муртазалиев эл аралык турнирде алтын медаль тагынды
Турнир ката жасоо жана кумутэ (спортчулардын жекеме-жеке беттеши) боюнча эки бөлүктөн өтүп, ката жасоо боюнча Ариет Турусбеков, Кайрат Доктурбеков, Самуил Койчубеков, Батырхан Мукайбеков жана Бообек Нурматов (2 алтын) алтын тагынышса, Бакытбек Жүзмалиев менен Бекзат Топчубаев экинчи орунду ээлешти. Ал эми Нурислам Бейшебаев, Алмир Курманбеков, Эльман Раимжанов, Мирлан уулу Нурислам, Арген Жолдошалиев, Эрмен уулу Дархан, Нурболот уулу Бекболот, Анарбай уулу Санжарбек жана Ырысбек Темирбеков коло медалдын ээси аталышты.

Ал эми кумутэде Бакытбек Жүзмалиев, Алмир Курманбеков, Самуил Койчубеков, Батырхан Мукайбеков алтын, Эмир Тентимишов, Ариет Турусбеков, Элмырза Байышов, Рустам Ташибаев, Ырысбек Темирбеков күмүш, Байбол Абдыкапаров, Бекзат Топчубаев, Эрмек уулу Дархан, Анарбай уулу Санжарбек, Бекболсун Өмүрбеков жана Бообек Нарматов коло медаль тагынышты.

Ошентип 200дөн ашуун спортчу катышкан турнирдин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсепте Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биринчи орунду, Аксы райондук каратэ-до федерация экинчи орунду ээледи.