БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Борбор калаада 27-мартта футбол боюнча Кыргызстан менен Индиянын курама командалары беттешет. Оюн келерки жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына тандоо алкагында өтөт.
Беттеш саат 20:00дө Бишкек калаасындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук стадиондо башталат.
Кыргызстандын командасы Мьянманын курама командасын 5:1 эсебинде жеңгенден кийин 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган. Кыргызстан бул оюндан жеңилип калган учурда да жолдомо жокко чыгарылбайт.
Бир нече күн мурда бул оюнга билеттер сатыла баштаган. Анын бааларын бул жерден билсеңиз болот.