Кыргызстанда 21-мартта Нооруз майрамы белгиленди. Анын алкагында Бишкек шаарында көк бөрү оюнунун финалы өттү.
Пекин шаарында Бүткүл кытайлык эл өкүлдөрү жыйыны салтанаттуу түрдө жабылды.
19-мартта Россиянын президенти Владимир Путин өлкө башчылыкка ат салышкан талапкерлер менен жолугуп, диалогго чакырды.
Миланда (Италия) көркөмдөп муз тебүү боюнча дүйнө чемпионаты өттү.
Сирия өкмөтүнүн аскерлери Чыгыш Гута аймагындагы Кафр-Батна калктуу пунктун бошотту.
Калькуттада (Индия) Наваратри майрамы белгиленди.
КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана анын аппарат кызматкерлери Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багында ишембилик өткөрдү.
Францияда 400 миңден ашык киши өкмөттүн пландап жаткан социалдык-экономикалык реформасына каршы чыкты.