Быйыл ачарчылыкка кабылышы мүмкүн деген өлкөлөр аталды

Докладда адам өмүрүн сактап калуу, азык-түлүк каатчылыгынын тамырын жоготуу үчүн дүйнөлүк коомчулуктун биргелешкен аракетинин зарылдыгы айтылган
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Өткөн жылы согуш жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам 124 миллион киши ачарчылыкка кабылган. Бул себептерден улам 2018-жылы Афганистан менен Африкада, ошондой эле бир катар аймактарда жашаган эл кайрадан ачарчылыктын туткунунда калуу кооптуулугунда турат. Мындай маалымат БУУнун азык-түлүк катчылыгы боюнча глобалдуу отчетунда айтылды.

БУУ Кыргызстанда канча киши курсагы тоё тамак ичпей турганын аныктады. Доклад
Быйыл согуштун айынан Афганистан, Борбордук Африка, Конго, Чад, Түштүк Судан, Сирия, Йемен, Ливия, борбордук Сахел (Мали жана Нигер) мамлекеттеринде тамак-аш боюнча кыйын абал жаралары болжолдонууда.

Ал эми климаттын катаал шартынан улам Сомалинин жайыт аймактары, Эфиопиянын түштүк-чыгышы, Кениянын чыгыш бөлүгү, андан сырткары, Батыш Африканын өлкөлөрү, Сенегал, Чад, Мали, Мавритания жана Буркина Фасо каатчылыкка кабылары маалымдалган.

Докладда адамдардын өмүрүн сактап калуу, азык-түлүк каатчылыгынын тамырын жоготуу үчүн дүйнөлүк коомчулуктун биргелешкен аракетинин зарылдыгы айтылган.