Эшек этинен жасалган лагман менен самса. Өзбекстандагы чуу

Кыргызстанда мындай окуя үч жыл мурда катталган
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өзбекстандын Фергана шаарында эшек союп, этин лагман жана самса саткан жайларга өткөргөндөр кармалды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

"Өзбекстан 24" телеканалы көрсөткөн сюжетте айтылгандай, эшек этин алган кафелер тамактарын уй же кой этинен жасалган деп сатып жүрүшкөн.

Маалыматка караганда үч жаран жергиликтүү тургундардан эшектерди 250-300 миң сумдан (30-37 доллар) сатып алып, этинин ар бир килограммын кафелерге 25-30 миң сумдан (3-4 доллар) өткөрүп жүрүшкөн.

Базарларда мал канчадан сатылууда? Өлкө аймактарындагы баа
Бул адамдардын кардарлары Тошлок районундагы "Ягона" кафеси жана Ферганадагы Мурод Тургунов аттуу адамдын ашканасы болгон. Телесюжеттин авторлорунун айтымында, эшектин эти уйдукунан көрүнүшү, даамы жана жыты менен айырмаланып турат. Ошондуктан ашпозчулар элди билип туруп эле алдап келишкен.

Эске салсак, мындай окуя Кыргызстанда дагы болгон. 2015-жылдын башында жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Сокулук районундагы Ак-Жол айылында эшек союлуп, эти сатылып жатканы боюнча маалымат таратып, ал коомчулукта чоң талкуу жараткан. Эшекти союу менен алектенген "Кайтал" акционердик коомунун өкүлдөрү алардын ишмердиги мыйзамдуу экенин айтып, эшектин эти Кытайдагы зоопарктарга өткөрүлүп келгенин билдиришкен.