БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бириккен Абар эмирлигинде өткөн Fashunity 2018 жарманкесинде Кыргызстандын диаспорасы 2-орун алганын иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Кыял Өскөмбаева билдирди.
22-март күнү Дубай шаарында өткөн көргөзмөгө 15тен ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышкан.
Бул иш-чаранын максаты — ар кайсы улуттун каада-салты, маданияты менен таанышуу жана туристтик потенциялын көрсөтүү.
Быйыл кыргыз диаспорасы жарманкеде Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу маалымат берип, улуттук спорт оюндары жана маданий өзгөчөлүктөр көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында Филиппин биринчи аталып, Кыргызстан 2-орунду ээледи.