Sputnik Кыргызстан агенттиги театр жана кинодо драма, трагедия же комедия дебей ролдорунун баарын ийине жеткире аткарган кыргыз эл артисти Советбек Жумадылов тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Мугалим болууну самаган. Советбек Жумадылов 1932-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тепке айылында туулуп, балалык чагы Каракол шаарында өткөн. Кыялы мугалимдик кесип болгондуктан, алгач чыгармачылыкка аралашууну ойлогон эмес. Мектепте 7-классты аяктаган соң Пржевальск (азыркы Каракол шаары) шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырып жашоосун билим берүүгө арноону чечет.
Ташкентке жеткирген талант. Советбек Жумадылов 1948-жылы педагогикалык окуу жайды аяктап жаткан учурда таланттуу балдарды издеген атайын комиссия шаарга келип калат. Өз күчүн сынап көргөн жаш талантты комиссия жактырып, ал Ташкент шаарындагы А.Н.Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна кабыл алынат. Ушинтип мугалим болууну самаган Советбек Жумадылов артисттик өнөрдү аркалап, чыгармачылыкка карай алгачкы кадамын таштайт.
Бир театрга арналган өмүр. Жаш актер беш жылдан соң театр өнөрү институтун ийгиликтүү аяктайт. 1953-жылы Кыргызстанга келип Мамлекеттик драма театрына (азыркы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры) кабыл алынат. Cоветбек Жумадылов бул театрда өмүрүнүн аягына чейин дээрлик жарым кылымга жакын эмгектенип, 1988-1990-жылдары театрдын көркөм жетекчиси кызматын да аркалайт.
Отеллодон Бакайга чейин… Жумадылов театрда да, тасмада да ар тараптуу ролдорду чеберчилик менен аткарып, унутулгус образдарды жараткан. Семетей, Бакай, Отелло, Ричард, Мырзакул, Омар Хаям, Эдигей, Танабай, Эзоп сыяктуу образдары кыргыз театр өнөрүндөгү өзгөчө көрүнүш болгон. Советбек Жумадылов актердук өнөрү менен Москвадагы театр сүйүүчүлөрүн да таң калтырган. 1986-жылы "Ричард III" жана 1988-жылы "Кылым карытар бир күн" спектаклдери менен Союздун борборуна барып, Ричард жана Эдигейдин образдары үчүн москвалык сынчы жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган.
Япон режиссерунун баасына татыган талант. Көпчүлүк Советбек Жумадыловдун дүйнөгө белгилүү япон режиссеру Акира Куросаванын тасмасында роль ойногонун биле бербейт. Куросава 1975-жылы орус жазуучусу Владимир Арсеньевдин чыгармасынын негизинде "Дерсу Узала" тасмасын тартат. Советбек Жумадылов башка жүздөгөн советтик актерлор менен бирге Дерсу Узала ролу үчүн ат салышып, бирок башкы каарман үчүн тувалык актер Максим Мунзук тандалат. Акира Куросава кыргыз актерунун талантына баа берип, ага тасмадагы тери сатуучунун ролун берген. Фильмдеги башкы ролдордун бирин Сүймөнкул Чокморов ойногон.
Төш толо наам. Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадылов Эмгек Кызыл Туу ордени, "Даңк" медалы, Эл аралык "Алтын копир" сыйлыгы, Кыргыз ССРинин Жогорку Президиумунун ардактуу грамотасы менен сыйланган.
Улуу актер 2001-жылы 24-мартта Бишкек шаарында каза болгон.
Советбек Жумадылов тартылган тасмаларды жазбай тааныйсызбы? Анда гениалдуу актер тартылган кинолор боюнча даярдалган тестти тартуулайбыз.