Радио

Кадыров: кургак учук оорусун 100 пайыз айыктырса болот

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров кургак учук менен көбүнчө иммунитети алсыз адамдар ооруй тургандыгын айтты
Sputnik
Кадыров: кургак учук оорусун 100 пайыз айыктырса болот

Кургак учук оорусун 100 пайыз айыктырса болот. Бул тууралуу Абдулаат Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, оорулуу доктур жазып берген көрсөтмө боюнча дарыланышы керек.

"Кургак учуктан 100 пайыз айыкса болот. Бул дартка чалдыккан адам врач айткан нерселерди толук аткарып, ал жазып берген дары-дармектер менен үзгүлтүксүз дарыланышы керек", — деди Кадыров.

Ал кургак учук оорусуна чалдыкпаш үчүн активдүү кыймылда болуу керектигин кошумчалады.