Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөттүн отставкасы учурда канчалык зарыл жана буга кимдер кызыкдар экенин серепчилерден сураштырып көрдү.
Саясат таануучу Шерадил Бактыгуловдун пикиринде, премьер-министр болом дегендердин кезеги узун, бирок 25 жылдан бери эч кимиси эч нерсе өзгөртө албай келет. Андыктан негизги маселе азыркы өкмөт башчы кызматынан кетирүү эмес, анын ордуна ким келеринде.
"Исаковдун ордуна ким келиши мүмкүн? Жаңы келген өкмөт башчы экономиканы көтөрө алабы? Премьер-министр болгусу келип кезек күткөндөрдүн катары калың. Бирок 25 жыл ичинде бири дагы олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизе алган жок. Өкмөттүн алмашуусун каалаган тараптар бир гана өздөрүнүн кызыкчылыктарын, чөнтөктөрүн ойлоп жатышат", — деди Бактыгулов.
Ал эми "Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу жаңы идеялар менен иштей баштаган жаш командага мүмкүнчүлүк берилсе жакшы болмок деп эсептейт.
"Көптөгөн долбоорлорду турмуш жүзүнө ашырууга эскиче көз караштар, эски муундун өкүлдөрү жол бербей жатат. Андан көрө улуулар аксакалдыгын кылып, Бакай ата болуп берсе, жаңы муун балким Манас боло алат беле деген ой жаралат. Сапар Исаков кетсе, ордуна келчүлөрдүн баары эле эски муундан болуп жатат. Бирок алар бул кызматта өз дараметин көрсөтө деле алган эмес", — деди Ормон уулу.
Ошондой эле серепчи маселени тереңирээк караганда бул жерде Сапар Исаковду кетирүү эмес, жаңы муун менен эски муундун ортосунда тиреш болуп жатканын, жөн гана кезектеги так талаш экенин баса белгиледи.
Азыркы өкмөттү ээрден шыпыруу аракеттери жаз алды менен курчуп келе жаткан саясий кырдаалды жөнгө салуу максатында болуп жатышы мүмкүн деген пикирин саясий серепчи Марс Сариев айтат.
"Азыр 1-апрель күнү мурдагы бийликтин өкүлдөрү 10 миң адам чогултуп митинг өткөрөт деген маалыматтар айтылууда. Эми бул кырдаалды кантип жөнгө салыш керек? Ал үчүн өкмөт башчысын кетирип же парламентти таратуу зарыл. Анан жаш кадрлар максатына жеткен жок, маселени чече албайт экен деп күнөө бир адамдын мойнуна илинет. Мындан соң өкмөт башчы тандап же парламент шайлоо процесси менен элди алек кылышат. Ал ортодо кызматтарга тажрыйбалуу деп эски муундун өкүлдөрүн алып келиши мүмкүн", — деп түшүндүрдү серепчи.
Сариев өкмөт башчынын ордуна ашыгып жаткан саясатчылар көп экенин кошумчалады.