Путин президенттик шайлоодо жеңишке жетти. БШКнын расмий жыйынтыгы

Шайлоо расмий түрдө өттү деп таанылды
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россиянын учурдагы президенти Владимир Путин 18-мартта өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетти. Бул тууралуу РИА Новости Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна таянуу менен билдирди.

Путиндин жеңишке жетиши Кыргызстанга эмне берет
Путин шайлоочулардын добушунун 76,69 пайызына ээ болгон. Анын талапкерлиги үчүн 56 миллион 430 миң 712 киши добуш берген.

РФКП талапкери Павел Грудинин эл добушунун 11,77 пайызына ээ болуп, экинчи орунга чыкты. Үчүнчү сапты 5,65 пайыз менен Владимир Жириновский ээледи.

Төртүнчү орунду 1,68 пайыз менен Ксения Собчак алды.

Шайлоо расмий түрдө өттү деп таанылды.