БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Курамында канты бар суусундуктар жана жемиш ширелери жүрөк, дагы бир катар башка оорулардан жапа чеккендердин өмүрүнө кооптуулук жаратат. Бул туурасында РИА Новости Medicalexpress басылмасына таянып жазды.
Мындай жыйынтык алты жыл бою үзгүлтүксүз изилдөө жүргүзүп келген америкалык окумуштуулар тарабынан жарыяланган. Алар 18 миңге чукул кишинин ден соолугуна байкоо жүргүзүп, анан изилдөө жыйынтыгын айтышкан.
Изилдөөгө жетекчилик кылган Жин Уэлш алардын эмгегинин буга чейин кантты аз колдонуу туурасында айтылып келгендерди тастыктагандыгын кошумчалаган.
Окумуштуулардын изилдөөсү суусундуктун кооптуулугун гана аныктаган.
Буга чейин окумуштуулар ачкачылыктын саламаттыка таасири боюнча изилдөө жыйынтыгын да билдиришкен. Бостондогу Гарвард мектебинин коомдук ден соолук боюнча окумуштуулары маал-маалы менен ачка болуп туруу клеткалардын энергетикалык алмашуу процессин жакшыртарын айтышкан.