Баткенде жоголгон төрт бала Халмион базарынан табылды. Окуянын чоо-жайы

Алар Бишкек шаарына барууну көздөшкөн
Sputnik

БАТКЕН, 23-мар. — Sputnik. Баткен шаарында Нооруз майрамынан кийин дайынсыз жоголгон төрт бала милиция кызматкерлери тарабынан Кадамжайдагы Халмион базарынан табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын өкүлү Асылбек Максутов билдирди.

Анын айтымында, балдар биргеликте Бишкек шаарына барууну көздөшкөн.

"Алар алгач Баткен шаарындагы борбордук стадинго майрамдык салтанатты көрүү үчүн келишкен. Андан соң Төрт-Көл суу сактагычына барышкан. Ал жерден жолдон өткөн унаалар менен Кадамжайдагы Халмион базарына барышкан. Ал жерде эки күн көчөдө түнөшкөн", — деди Максутов.

Ал ошондой эле 16 жаштагы Бекболот Кубат уулу балдарды Бишкек шаарына барууга үндөгөнүн айтты.

Өгөй апасы сабады деген 8 жаштагы кыздын өз энеси табылды. Окуянын чоо-жайы
"Биз Нооруз майрамына келгенбиз, Бекболот менин таанышым болчу. Ал Бишкекке барууну сунуштап 1000 сомдон ашуун акчасы бар экенин айтты. Анан жолдон өткөн унаа менен Кадамжайга жеттик. Коркконубуздан үйгө кайталы десек ал акча бербей койду. Үйгө барсаңар урушат деди", — деп жоголгон балдардын бири Адилет Полотов билдирген.

Бекболот Кубат уулу буга чейин Баткен райондук ички иштер башкармалыгында каттоодо тургандыгы маалым болду. Учурда алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.