Ош: Азия чемпиону Акжол Махмудовду тосуп алып, асманга көкөлөтүп ыргытышты

Балбан 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөн Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынган.
Sputnik

БИШКЕК, 23 мар — Sputnik. Азия чемпиону аталган Акжол Махмудовду Ош жергеси салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Ош" эл аралык аба майданынан Махмудовго шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери даам сыздырып, асманга көкөлөтө ыргытышты.

1 / 4
Азия чемпиону аталган Акжол Махмудовду Ош жергеси салтанаттуу тосуп алды.
2 / 4
"Ош" эл аралык аба майданынан Махмудовго шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери даам сыздырып, асманга көкөлөтө ыргытышты.
3 / 4
Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев сөз сүйлөп жатып, спортчуну ар тараптан колдоого даяр экендигин билдирген.
4 / 4
Ошондой эле Кадырбаев Махмудовго Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев сөз сүйлөп жатып, спортчуну ар тараптан колдоого даяр экендигин билдирген.

"Абалтадан спортчулар эли-жерин дүйнө жүзүнө таанытып келген. Мына ошолордун катарын толуктап, баарыбызга жеңиш тартууладың. Биз келечекте сенден жаңы жетишкендиктерди күтөбүз. Ал үчүн Ош шаарынын мэриясы ар тараптан колдоого даяр", — деди шаар жетекчиси.

Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым
Ошондой эле Кадырбаев Махмудовго Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Акжол Махмудов — кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону.

27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөн Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынган.