АКШ аткаминерлеринин бири Өзбекстанга келип, өлкө реформасын талкуулайт

Мамкатчынын жардамчысы Афганистандагы абалды талкуулоо боюнча Ташкентте өтүүчү конференцияда америкалык делегацияны жетектейт
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шеннон 25-27-мартта Өзбекстанга келип, президент Шавкат Мирзиёев жана ТИМ башчысы Абдулазиз Камилов менен реформалардын жүрүшүн талкуулайт. Бул туурасында РИА Новости АКШнын мамдепартаментинин маалымат кызматына таянып кабарлады.

АКШ Гүлнара Каримовага каршы санкция жарыялады
Мындан сырткары, келе турган даражалуу аткаминер Афганистандагы абалды талкуулоо боюнча Ташкентте 26-27-мартта өтө турган эл аралык конференцияда америкалык делегацияны жетектейт.

Өзбекстан ТИМинин маалыматына караганда, аталган эл аралык конференцияга Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча кызматынын жетекчиси, БУУнун башкы катчысы, Кытай ТИМинин жетекчиси, Россия ТИМи Сергей Лавров катышат.