Өкмөт жарандарды арзан жана сапаттуу интернет менен камсыздамай болду

Мындай иштер Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 25 миллион доллар грант жана 25 миллион доллар насыянын эсебинен каржыланып, кошумча жумушчу орундар түзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары арзан интернет менен камсыздалып, сапаттуу электрондук тейлөөгө ээ болушат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, өлкөдө жаңы жумушчу орундар түзүлөт.

"Жарандар арзан интернетке жана сапаттуу электрондук мамлекеттик тейлөөгө, ошондой эле санариптик технологияларга байланыштуу жаңы жумушчу орундарга, квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Мындай иштер Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 25 миллион доллар грант жана 25 миллион доллар насыянын эсебинен "Digital CASA (Борбор Азия – Түштүк Азия) — Кыргыз Республикасы" долбоорунун алкагында аткарылат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстаныбызды көрктүү кылалы! Сапар Исаков элди "Таза жашоого" чакырды
Аталган долбоор өкмөттүн аппаратынын демилгеси боюнча мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын жана натыйжалуу тутумун түзүүнү көздөгөн "Таза Коом" программасынын алкагында ишке ашырылууда.

"Digital CASA (Борбор Азия – Түштүк Азия) — Кыргыз Республикасы" долбоору 2018-2040-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын маанилүү элементтеринин бири болгон демилгени ишке ашыруу үчүн негиз түзөт.

Долбоордун негизги максаты деңизге чыгууга мүмкүндүгү жок Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын айрым өлкөлөрүнүн санариптик дивиденддерди алуусуна көмөктөшүү үчүн аларды аймактык жана глобалдык санариптик экономикага интеграциялоо болуп эсептелет.