Кыргызстанда биринчи жолу укалоо боюнча чемпионат өтөт

Мындай иш-чаралар кыргызстандык укалоочулардын эл аралык конкурстарга катышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстанда укалоо боюнча биринчи жолу чемпионат өтөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Укалоочу Усенбаев: мен иштеп жатканда кардарларым коңурук тартып уктап кетет
Ага ылайык, чемпионат 23-мартта шаардагы мейманкалардын биринде саат 11:00дөн 17:00гө чейин болот.

Иш-чаранын максаты Кыргызстандагы укалоочулардын профессионалдык деңгээлин көтөрүү жана аны жайылтуу экени айтылат. Мындан тышкары, мындай чемпионаттар кыргызстандык укалоочулардын эл аралык конкурстарга катышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Уюштуруучулардын айтымында, укалоо боюнча эл аралык чемпионат 11 жылдан бери Москвада өтүп келет. Ага аймактын жана улуттук конкурстун жеңүүчүлөрү катыша алат.