Кыргызстанда гемофилия менен ооруган кишиге биринчи жолу эндопротездөө жасалды

Өлкөдө 370тей киши гемофилия менен ооруйт. Анын 127си — 16 жашка чыга элек балдар
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстанда гемофилия менен ооруган жаранга биринчи жолу эндопротездөө боюнча операция жасалганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, операция 20-мартта жасалган.

Бейтап Аскат Букарбаев тынчсызданганын айтты. Анткени өлкөдө гемофилия менен ооругандарга кан жетишпейт, баасы да өтө кымбат.

"Оң жамбаш муунуна жасалган операция эки жарым саатка созулган. Бардыгы ойдогудай өтүп, учурда бейтап өзүн жакшы сезип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Алты айдан кийин өлөсүң дешти. "Тазалыкта" иштеген жумушчунун баяны
Онкология жана гематология улуттук борборунун директору Эрнис Тилековдун айтымында, ийгиликтүү операция Россиянын Гематологияны медициналык изилдөө улуттук борборунун профессорлору Владимир Зоренко жана Татьяна Полянскаянын жардамы менен жасалган. Ошондой эле гемофилия менен ооругандарды колдоо боюнча Дүйнөлүк гемофилия федерациясынын "Твиннинг программасынын" көмөгү менен ишке ашкан.

Операцияга андан сырткары академик Сабырбек Жумабеков дагы катышкан.

Тилеков россиялык дарыгерлер канды катытуучу атайын кымбат баалуу 400 000 даана концентратты бекер беришкенин кошумчалады.

Кыргызстанда гемофилия менен ооругандар жана майыптар коомунун президенти Нурбек Орозалиев өлкө боюнча 370тей киши гемофилия менен ооруй турганын айтты. Анын 127си — 16 жашка чыга элек балдар.

Гемофилия — кандын токтобой аккан өнөкөт оорусу.