Күлкүгө, жылмаюуга, шаттыкка бөлөнгөн Бишкек. Нооруз майрамынан сүрөттөр

Sputnik

Жер жарылып чөп чыкты! Кыргызстан Ноорузду кантип майрамдап жатат
"Ала-Тоо" борбордук аянты жана Чүйдүн Жаш Гвардия проспектисине чейинки аралык ар кыл түстөгү электр лампалары менен кооздолду. Борбордук көчөгө кызыл-тазыл 10дөн ашык ири такталар орнотулган.

Борбордук аянтта майрамдык концерт өттү. Сахнага өнөрпоздор — бийчилер, ырчылар, музыканттар чыкты. Кыргызстандыктардын көңүлүн өзгөчө бурган ырчылар Светлана Назаренко менен Жылдыз Осмоналиеванын кыргыз тилиндеги созгон обондору болду.

Sputnik Кыргызстан Нооруздан окурмандар үчүн маанай көтөргөн сүрөт түрмөгүн даярдады.

1 / 13
Бийчи кыздар "Ала-Тоо" аянтында концерттик номерди аткаруу алдында
2 / 13
Майрамга арналган салтанатты көргөнү аксакалдар, улуу кишилер да келишти
3 / 13
Алас, алас, ар балээден калас!
4 / 13
Сүмөлөк — Ноорузда жасалуучу негизги даам
5 / 13
Ноорузда күн менен түн теңелип, жер жарылып чөп, желин айрылып сүт чыгат
6 / 13
Бишкектин көп жеринде Нооруз күнү майрамдык иш-чаралар өтөт
7 / 13
Шаардыктарды жана калаа конокторун мэр Албек Ибраимов куттуктады
8 / 13
Чогулган эл Кайрат Примбердиевдин ырын ынтаа коюп укту
9 / 13
Кичинекей бийчилер
10 / 13
Жыл жаңырып, жаңы үмүттөр, жаңы тилектер айтылды
11 / 13
Борбордук аянттагы Нооруз майрамына арналган салтанаттан бир көрүнүш
12 / 13
Чогулган элге сүмөлөк таратылды
13 / 13
"Ала-Тоо" аянтында концерттин көркүн кичинекей бөбөктөр ачты