Мушкер Актилек Жумабек уулу Орто Азия чемпиондугу үчүн ат салышат

Спортто "Алгыр" каймана аты менен таанымал Актилек Жумабек уулу — кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global спорттук лигасынын жана NAGA грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Эрежесиз эр уруштун чебери Актилек Жумабек уулу казакстандык Alash Pride спорттук уюмунун Гран-при турнирине катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине мушкер өзү билдирди.

Аралаш мушташ боюнча мелдеш 12-13 күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Анда Жумабек уулу 77 килограмм салмакта күч сынашат.

"Бул турнир жарым финалдан башталат. Финалда аталган уюмдун версиясы боюнча Орто Азия чемпиону аныкталат. Турнирге Казакстандын, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мыкты спортчулары күч сынашат," — деди Жумабек уулу.

Таяк тартыш чебери Азат: Арнольд Шварценеггерди көрүп абдан таң калдым
Ал ошондой эле беттешке кызуу даярданып жатканын кошумчалады.

Спортто "Алгыр" каймана аты менен таанымал Актилек Жумабек уулу — кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global спорттук лигасынын жана NAGA грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону.

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча 10 жолу профессионалдуу беттеште утуп, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Актилек Жумабек уулу менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.