Таластын Шекерине "Чыңгыз Ордо" комплексин курууга сынак жарыяланды

Конкурс 20-марттан 20-апрелге чейин уланат
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Талас облусундагы Шекер айылына "Чыңгыз Ордо" тарыхый-маданий мемориалдык комплексинин долбоору үчүн конкурс жарыяланганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Ага ылайык, курула турчу комплекс 15 гектар жерге салынат.

"Конкурска архитектура, шаар куруу, калааны долбоорлоо же ландшафт архитектурасы менен алектенген бардык тараптар катыша алат", — деп айтылат маалыматта.

Дүйнө Айтматовду окуйт! Интернетте жаңы флешмоб старт алды
Долбоорду иштеп чыгууда аймактын географиялык өзгөчөлүгү, ал жактагы рун жана аскадагы жазуулар да эске алынышы кажет.

Конкурстун жобосуна ылайык, комплекстин аймагында музей, эстелик, конференц-зал, мейманка, чайкана, унаа токтотуучу жай жана башка зарыл болгон нерселер камтылат.

Биринчи орунга 150 миң сом, экинчи орунга 100 миң жана үчүнчү орунга 70 миң сом каралган. Андан сырткары, 25 миң сомдон эки кызыктыруучу сыйлык берилет.

Конкурс 20-марттан 20-апрелге чейин уланып, жыйынтыгы 21-апрелде чыгарылгандан кийин министрликтин сайтына жарыяланат.