ЖМК: Facebook тармагынан 50 миллион колдонуучунун маалыматтары уурдалган

"Фейсбукчулардын" маалыматынын уурдалышына компаниянын эки кызматкери шектелип жатат
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Facebook социалдык тармагы башка компания тарабынан 50 миллион колдонуучунун жеке маалыматтарынын уурдалышы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

АКШ: өнөрүн тартуулап жаткан акробат бийиктиктен кулап каза тапты. Видео
ЖМК тараткан маалыматтарга караганда, компаниянын Жозев Канселлор жана Александр Коган аттуу кызматкерлери сырды сактоо боюнча саясатты бузуу менен Cambridge Analytica аналитикалык компаниясына колдонуучулардын жеке маалыматтарын берип турушкан. Маалыматтардын сыртка чыгышы Global Science Research фирмасы тарабынан ишке ашканы айтылууда.

Билдирмеде уурдалган маалыматтар АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын шайлоо учурундагы кампаниясына колдонулганы белгиленген. Вашингтондун прокуратурасы тергөө иштери башталганын жарыялады.