Бишкектиктер канча бөлмөлүү батирде жашайт? Статкомдун маалыматы

22 үй-бүлөнүн бирөө беш жана андан көп бөлмөлүү үйдө жашаса, ар бир бешинчиси бир бөлмөлүү батирге ээлик кылат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкектиктердин үйлөрү менен батирлериндеги бөлмөлөрдүн санын Улуттук статистикалык комитет эсептеп чыкты.

Ведомствонун маалыматына караганда, ар бир үчүнчү үй-бүлө үч бөлмөлүү батирде жашайт.

Жарандардын 28 пайызга жакыны эки бөлмөлүү батирге ээ. Ал эми ар бир бешинчи үй-бүлө бир бөлмөлүү батирде жашайт.

Төрт бөлмөлүү батир же үйгө борбор калаанын жашоочуларынын 16 пайызы ээлик кылат. Тургундардын беш пайызга жетпегени беш же андан көп бөлмөлүү үйү менен мактана алат.