Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Буга чейин Жээнбеков куттуктоо телеграммасын жөнөткөн болчу
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Путинди Россиянын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Путин Москвадагы концертте шайлоочуларга эмне деп кайрылды?
Мамлекет башчылары аңгемелешүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуу, ошондой эле Россия Федерациясында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынын талкуулашты.

Буга чейин Жээнбеков куттуктоо телеграммасын жөнөткөн болчу.

Белгилей кетсек, 18-мартта Россияда президенттик шайлоо өтүп, учурдагы президент Владимир Путин шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн добушун алган.