БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жекшемби күнү, 18-мартта Россияда президенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматы боюнча сегиз талапкердин ичинен Владимир Путин алдыда келе жатат. Ал шайлоочулардын 76,66 пайыз добушун алган.
Айрым жарандар добуш берүү укугунан тышкары өздөрүнүн өзгөчөлүгүн да калың журтка көрсөтүп алуу мүмкүнчүлүгүн алды.
Буратияда аюунун костюмун кийген киши добуш бергени келген сүрөт Instagram социалдык тармагына жарыяланды.
"Чээнден чыгууга эрте болсо да добуш берүү үчүн туруп келдим", — деп тамашалаганы видеодо даана көрүнөт.
Новосибирск шаарынын тургуну шайлоо участкасына телепузиктин формасын кийип алып келген.
Андан сырткары, көпчүлүккө белгилүү болгон кино каармандары да "добуш" беришти. Омск шаарындагы шайлоо участкалырынын биринде "Темир кишинин" формасын кийген шайлоочу жүргөн.
Супермен дагы өз добушун берди.
Кышкы сууда сүзүү боюнча Алтай крайынын федерация мүчөлөрү "Ак аюулар" үстүндөгү кийимдерин чечип салып шайлоо участкасына келишкен.
Жаңы баш кошкон жаштар дагы жарандык милдетти аткарууну унутушкан эмес.
Шайлоо күнү Кыргызстандагы Россиянын жарандары дагы активдүүлүгүн көрсөтүп, добуш берүүгө келгендер 300-400 метрге чейин кезекке турушту.