Путин мамлекеттик органдардын курамы качан өзгөрөрүн айтты

18-мартта Россияда президенттик шайлоо өттү
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россиянын президенттигине болгон шайлоодо жеңип чыккан Владимир Путин мамлекеттик органдардын курамы инаугурация болгондон кийин өзгөрөрүн билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

18-мартта Россияда президенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгы боюнча Путин алдыда.

"Негизи өкмөттөгү өзгөрүү жаңы президент кызматына киргенден кийин ал тарабынан ишке ашышы керек. Андыктан мен эмне кылуу керектигин азыртадан ойлоном. Бардык өзгөрүүлөр инаугурациядан кийин ишке ашат", — деди Путин. 

Президенттикке сегиз киши талапкер болгон. Алар: Сергей Бабурин, Павел Грудинин, Владимир Жириновский, Владимир Путин (азыркы президент), Ксения Собчак, Максим Сурайкин, Борис Титов жана Григорий Явлинский. 

Россияда болгон президенттик шайлоого Кыргызстанда жашап жаткан РФ жарандары кандай катышканын видеодон көрүңүз.