Россиядагы президенттик шайлоо: Ошто 830 адам добуш берди

Бүгүн саат 8.00дөн кечки 20.00гө чейин россиялыктар шайлоо участкаларына келип добуштарын бере алышат
Sputnik

ОШ, 18-мар. — Sputnik. Ош шаарында саат 10.00гө карата Россиянын 830 жараны президенттик шайлоого катышып, өз добуштарын берүүгө үлгүрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Россиянын президентин шайлоо үчүн алты шайлоо участкасы ачылды. Алардын бири Ош шаарында жайгашкан. Бүгүн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20.00гө чейин россиялыктар каалаган талапкери үчүн добуштарын бере алышат

1 / 2
Ош шаарында саат 10.00гө карата Россиянын 830 жараны президенттик шайлоого катышып, өз добуштарын берүүгө үлгүрүштү.
2 / 2
Кыргызстанда Россиянын президентин шайлоо үчүн алты шайлоо участкасы ачылды. Алардын бири Ош шаарында жайгашкан.

"Ош шаарындагы Россиянын консулдугунун имаратында 8162 шайлоо участкасы иштеп жатат. Саат 10.00гө карата 830 адам добуш берди. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагылар үчүн дагы Ош шаарында гана шайлоо тилкеси уюштурулган", — деп кабарчы билдирди.

Ал эми аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Роман Свистин үч облус боюнча жалпы үч миң шайлоочу бар экенин маалымдаган.

Россиядагы президенттик шайлоо: Кыргызстанда шайлоо участкалары ачылды
"Кечээ, 17-март күнү Кызыл-Кыя менен Жалал-Абад шаарларында мөөнөтүнөн мурда 430 адам добуштарын берди. Ал эми бүгүн, 18-мартта Ош облусунун аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн көчмө добуш берүү уюштурулду", — деп Свистин белгилеген.

Ал ошондой эле буга чейинки шайлоолорго караганда бул жолкусунда жарандар активдүү катышып жатканын кошумчалаган.