Эл артисти Саламат Садыкова дагы ошондой адамдардын катарында. Бирок бүгүн аны редакциябызга чакырып, маектешүүгө жакшы себеп пайда болду.
Саламат айым ушул тапта юбилейлик концерт өткөрөм деп буту-бутуна тийбей даярданып жүргөн кези. Ага карабай Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына баш багып, алдыдагы иш-чарага даярдыгы, чыгармачылык түйшүк, аялдык бакыт жөнүндө кенен маек куруп берди.
— Концерт уюштуруунун түйшүгү көп эмеспи, акыркы күндөрү уйкуңуз качып калса керек?
— Азыркы заманда кече өткөрүү кыйын, ошол үчүн жакшы болор бекен деп көпкө ойлондум. Анткени мен кечке эле 60ка чыга бербейм да. Бир келген юбилейлик кечени жогорку деңгээлде, элдин эсинде кала тургандай кылып өткөрүү керек. Анүстүнө эл деле күтүп калды, көптөн бери концерт өткөрө элекмин. Азыр даярдык жүрүп жатат, өзүм иштеген Улуттук филармониянын жетекчилиги, эмгек жамаатыбыз, кыз-күйөөм жардам берүүдө. Концерттик программамдын жетекчиси — Алтынбек Максутов.
— Сахнадан 40 жыл бою түшпөй жүрүү үчүн таланттан тышкары эмне керек?
— 40 жыл ичинде башымдан эмнелер гана өткөн жок. Кубаныч, күлкү, муң, таарыныч… Мунун баарынан татыктуу өтүүгө кайрат, эрк жана жүүнүң бекем болушу керек. Мындан тышкары, аялзатына чыдамкайлык өтө зарыл. Казак акыны Мукагали Макатаевдин "Чыда, чыда" деген ырын жакында ырдап чыгам. Анын саптарында дал эле менин тагдырым жазылып калгандай экен.
— Кепти жеке турмуш жагына бурсак. Неберелериңиз чоңоюп, сиз менен сырдаш болуп калса керек?
— Бала демекчи, өзүңүздүн балалыкты эстегенде көз алдыңызга алгач кайсы ирмемдер тартылат?
— Албетте Баткендин гүлзарлуу айылы эске келет. Гармония бар жерде, жакшы эненин акыл-насаатын угуп чоңойсоң, балалыгың жомоктой эле керемет, бирок кайра кол жеткис ирмемдер болуп кала берет экен. Ал эми окуучулук, шоктук күндөрдөн орозо маалында классташтар менен мектептен оозубузду ачып алган учур эстен кетпейт. Мектептин жанында кичинекей дүкөн болор эле. Печеньелердин түрүн, ирис момпосуйларды сатчу. Ага кирдик дагы таттуулардан сатып алдык. Мектептин ары жагындагы жарлуу жерге жашынып отуруп, оозубузду ачып салдык. Сабакка бир аз кечигип кирсек, мугалим карап туруп эле "тамак жеп келиптирсиңер" деп билип койгон. Биз кыйын болуп бир нерсени жашырабыз дегенибиз менен мугалимдер кыраакы болот экен да.
— Кыздарыңыздын бири Кундуз Авашова дагы чыгармачыл чөйрөгө аралашып жүрөт, аны тааныйбыз. Экинчи кызыңыз жөнүндө айтып бербейсизби?
— Экинчи кызым Махабат өз жолун, бактысын чет өлкөдөн издеп кеткен. Дубайда иштеп жүрүп, шотландиялык жигитке турмушка чыккан. Азыр экөө Таиландда жашап, иштешет. Күйөө баланын кесиби — юрист. Кундуз кызым өзүңөр айткандай чыгармачылыкта жүрөт. Бирок үй-бүлөлүк турмушту дагы унутта калтырган жок. Жолдошу Кубаныч (Ырчы Кубаныч Сатаев — ред.) экөө төрт баланын ата-энеси болуп отурат.
— Телефондон кулакчын менен музыка угасызбы?
— Кээ бир гана учурларда.
— Негизи кандай чыгармаларды угасыз?
— Сизди ушул тапта эмнелер бушайман кылат?
— Акыркы кездерде адамдар бири-бирибизди тирүүбүздө баалап, жылуу сөз айта албаганыбыз ойлондуруп жүрөт. Оозубуздун желин аяп койгон учурлар көп болот экен. Бир эле мисал келтирсем, обончу иним Апаз Жайнаковдун дүйнөдөн эрте өтүп кеткени капалантты. Анын "Өрүкзарын", "Кыргыз жерин" бапестен ырдап, ага болгон сый-урматым күчтүү эле. Бир элден, бир топурактан чыккан адам өзгөчө жакын болот экен да жандүйнөңө. Анан эле күтүлбөгөн жерден Апаздан айрылдык. Менин ага болгон урматым жетимсиреп кала берди. Балким, көзү тирүү болгондо мындан да катуу сыйлашып, ыраазычылыгымды билдирет белем? Ошондой эле катуу сыйлашып жүргөн кесиптешим Нурак Абдрахманов дагы эртерээк кетип калды. Ошол экөөнөн кийин менде "азыр, ушул жерден сыйлашалы, эртең кеч болуп калат" деген принцип пайда болду. Ошол себептен ырым дагы, концертим дагы "Келгиле, сыйлашалы" деп аталат.