Жер көчүшү мүмкүн болгон аймактан көчүрүлгөн 39 үй-бүлө чатырда жашоодо. Сүрөт

ӨКМ жергиликтүү бийлик менен жер көчкү түшүү коркунучу жогору аймакта жашагандарды коопсуз жерге көчүрүү аракеттерин көрүп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ош облусу боюнча жер көчкү түшүү коркунучу жогору аймактарда жашаган 627 үй-бүлө убактылуу жайга көчкөн. Анын 588и туугандарыныкында, 39 үй-бүлө ӨКМ берген чатырлард жашоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

1 / 3
Ош облусу боюнча жер көчкү түшүү коркунучу жогору аймактарда жашаган 627 үй-бүлө убактылуу жайга көчкөн
2 / 3
Анын 588и туугандарыныкында, 39 үй-бүлө ӨКМ берген чатырлард жашоодо
3 / 3
Учурда 306 чатыр жеткирилип, 263ү тигилди.

Учурда 306 чатыр жеткирилип, 263ү тигилди.

Жан керекпи? Жер көчкү жүрө турган жерден 20 үй-бүлө көчпөй койду
Жалпы Ош облусу боюнча көчүрүлүүгө 1296 үй-бүлө тийиш болсо, алардын 1009 үй-бүлөсү жер тилкесин жана ссуда алган, бирок башка жакка көчкөн эмес. Жер тилкесин алууга кезекте дагы 287 үй-бүлө турат.

Ал эми Жалал-Абал облусунда Аксы, Базар-Коргон, Сузак райондорунда жашаган 254 үй-бүлө убактылуу туугандарыныкына көчүрүлдү.

Облус боюнча жалпы көчүрүлүүгө тийиш 1861 үй-бүлө бар болсо, анын ичинен 948и жер тилкесин жана ссуда алган. Бирок коопсуз аймакка көчкөн эмес. 913 үй-бүлө жер тилкесин алууга кезекте турат.

Министрлик жергиликтүү бийлик менен жер көчкү түшүү коркунучу жогору аймакта жашагандарды коопсуз аймактарга көчүрүү аракеттерин улантып жатат.