Жаңы конуштарда баткакка баткан сулуулардын көз талдырган сүрөтү

Sputnik

Айрым көчөлөрдөгү чалчыктан машина эмес, жөө адам өтө албайт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги борбор калаадагы жана жаңы конуштарда баткагы эзилген жолдорго бийлик дагы тийиштүү деңгээлде көңүл бурсун деген максат менен аларды сүрөткө тартты. Сүрөт түрмөгүнө сулуулар дагы катышты.

Быйыл оңдоло турган Бишкек шаарындагы жолдор. Карта
"Арча-Бешик" жаңы конушунун жашоочулары маршруттук таксиге жетүү үчүн көлчүктөрдү, эзилген ылайды басып өтүп анан барууга аргасыз болуп жатканын айтышууда. Анткени көчөдө киши өтө турчу жер дээрлик жок. Жааган жаан көчөдөн басып өтүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Ал эми маршруттук таксилер ылай көчөдөн тыгылып калбаш үчүн башка жерге барып токтоого аргасыз. Ушундай эле абал "Ак-Өргө", "Жал" сыяктуу бир катар жаңы конуштарда бар.

Жаан жаңы конуштун тургундарынын айласын кетирбестен, борбор калаанын тургундарын да тынчсыздандырууда. Мисалы Турусбеков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде чоң көлчүк пайда болуп, ары-бери жөө каттагандарга ыңгайсыздык жаратууда.

Шаар тургундары мэрия бак кыйгандан мурда жолдорду оңдоо менен алектенсе болмок деген пикирлерин айтышууда.

1 / 8
№4 шаардык оорукананын аймагындагы баткактан улам айлана-чөйрө сазга айланып калгандай. Мындай көрүнүшкө ата мекендик клиптерге тартылган Айсулуу Молдалиева күбө болуп кайтты
2 / 8
Модель Жамиля Асангулова "Ак Өргө" конушундагы көчөлөрдүн биринде
3 / 8
"Университет сулуусу — 2017" улуттук сынагынын жеңүүчүсү Нураида Маматалиева Турусбеков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги көлчүктүн жанында
4 / 8
Белгилүү актриса Мээрим Атантаева Зайсанский тар көчөсүндө. Бул жердин бардыгы баткак болгондуктан, балдар №16 мектепке барыш үчүн газ түтүгүнүн үстү менен басууга аргасыз
5 / 8
Модель Айпери Талантбекова Жибек Жолу проспектисинин Сүйүнбаев жана Гоголь көчөлөрүндөгү бөлүгүндө. Тилекке каршы, бул жактагы абал да ойдогудай эмес
6 / 8
Бийчи жана модель Маржан Кадырова Жибек Жолу менен Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде
7 / 8
Miss AsiaMIX сулуулук сынагынын катышуучусу Юксель Аслыхан бийик така менен "Арча-Бешик" конушунун көчөлөрүнөн басып көрдү
8 / 8
"Арча-Бешиктин" баткак жолдорунан улам маршруткалар да акыркы аялдамасын өзгөрткөн. Буга модель Алина Болотбекова күбө болду