Мухамметкалый Абулгазиев президенттик аппараттын жетекчиси болду

Тийиштүү Жарлыкка президент Жээнбеков кол койду
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik.Мухаммедкалый Абулгазиев КР президентин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Президенттин аппаратын буга чейин Фарид Ниязов жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен 7-мартта кызматтан кеткен.

Белгилей кетсек, Абулгазиев 2017-жылдын 12-сентябрынан тарта президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп келген.