Грузиянын лыжа базасындагы асма жол иштен чыгып, элди камгактай учурду. Видео

Жабыркагандардын арасында колу сынып, башы жарылгандар бар
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Грузиянын Гудаури тоо лыжа курортунда асма жол иштебей калып, анда отургандар күү менен жерге кулады. Айрымдардын ыргып кеткенин көрүүгө болот. Бул тууралуу Sputnik Грузия агенттиги жазды.

Ооруканага сегиз киши кайрылган. Алардын экөө чет элдиктер — Украина менен Швециянын жарандары. Швециялык келиндин кош бойлуу экени аныкталган.

Жабыркагандардын арасында колу сынып, башы жарылгандар бар.

"Такталган маалымат боюнча жабыркаган сегиз кишинин жетөө ооруканада. Бир жаран чыгарылды. Бактыга жараша, эч ким каза болгон эмес, олуттуу жаракат алгандар дагы жок", — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда.