Улуттук энергохолдинг ТЭЦтин айланасындагы иш тергелип бүтмөйүнчө эч нерсе дебейт

"ТЭЦтеги коррупцияны" Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев мурда эле билиши мүмкүндүгүн мекеменин мурдагы директору айткан болчу
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Улуттук энергохолдинг ТЭЦтин айланасындагы иштер тергелип бүтмөйүнчө түшүндүрмө бербей турганын компаниянын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Нурлан Өмүркул уулу ТЭЦтеги коррупция тууралуу билген үч кишинин атын атады
Бишкек ТЭЦтин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ТЭЦтеги коррупция тууралуу билген үч кишинин атын атап, алар "бул тууралуу Энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ААКтын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ТЭЦти модернизациялоо боюнча топтун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов экенин айткан.

Өмүркул уулу 15-марттагы маалымат жыйында жылуулук борборун модернизациялоо үчүн алынган жабдуулар менен материалдардын 90 пайызы кымбат баа менен сатып алынганын белгилеген.

"Долбоорду ишке ашырууга айтылгандан аз каражат кеткен. Долбоордо көрсөтүлгөн баага жеткирүү үчүн материалдардын баалары кымбат көрсөтүлгөн", — деди ал.

Бишкек ТЭЦинин экс-жетекчиси: аттиштен башка нерселер да кымбат алынган
ТЭЦтин мурдагы директору модернизациялоого чынында 250-260 миллион доллар кеткен деп эсептейт. Ал ошондой эле бул тууралуу Эсеп палатасы билген жана актыда баалар кымбаттатылып көрсөтүлгөнүн жазышканын кошумчалады.

Буга чейин "Электр станциялары" ААКты Өмүркул уулунун видеокамералар 14,5 миң долларга алынган деген билдирүүсүнө жооп берген.

ТЭЦти модернизациялоо иши 2013-жылдын жайында башталып, төрт жылдан кийин 2017-жылы күзүндө аяктаган. Өкмөт Кытайдын ТВЕА компаниясы менен 386 миллион долларлык келишимге кол койгон.