Нурлан Өмүркул уулу ТЭЦтеги коррупция тууралуу билген үч кишинин атын атады

ТЭЦтин мурдагы директору мекемени модернизациялоодо "жабдуулардын кымбат сатып алынып жатканын" мурдатан билиши мүмкүн деген үч кишинин аты-жөнүн айтты
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы ТЭЦти жаңылоодо жабдуулар менен материалдар кымбат сатып алынып жатканын Улуттук энергохолдингдин башчысы, "Электр станциялары" ААКтын башкы директору жана ТЭЦти модернизациялоо боюнча топтун аткаруучу директору билиши керек болчу деген пикирин жылуулук электр борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, ТЭЦти модернизациялоо үчүн алынган бардык жабдуулар кымбат баада алынган. Ал коомчулукка болгону "640 долларга алынган эки аттиш менен 14 500 доллардык видеокамера" боюнча эле маалымат тарагынан айтты. Анткени бул нерселердин баасы канча экенин эл жакшы билет.

Өмүркул уулу баалар кымбат экенин үч киши билиши керектигин айтты.

"Бул тууралуу Энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ААКтын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ТЭЦти модернизациялоо боюнча топтун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов билиши керек", — деди ал.

ТЭЦтеги аварияга күнөөлүүлөр айтылып, кызматтан алуу сунушталды
Улуттук энергохолдинг ТЭЦтин айланасындагы иштер боюнча тергөө аяктаганга чейин түшүндүрмө бербей турганын билдирди.

26-январда ТЭЦте болгон авария жөнгө салынгандан кийин мекеменин директору Нурлан Өмүркул уулу 2-февралда кызматтан алынган болчу. Арадан бир жарым ай өткөндөн кийин ал жылуулук электр борборун жаңылоо учурунда жасалган коррупциялык иштер боюнча жана авариянын чыныгы себеби тууралуу үн каткан.