Ош шаарында жылуулук берүү качан токтой турганы белгилүү болду

Тийиштүү буйрукка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койгон
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы көп кабаттуу имараттар менен социалдык объектилерге жылуулук берүү 17-марттан тарта токтотулат.

Тийиштүү буйрукка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койгон.

Ошто жылуулук берүү былтыр 15-октябрда башталып, жылуулук берүү мөөнөтү 152 күнгө созулган.

Белгилей кетсек, жылуулук берүү түндө абанын температурасы беш сутка катары менен сегиз градустан өйдө болгондо токтотулат.