Ноорузда аба ырайы кандай болорун синоптиктер айтып беришти

Жалпысынан алганда, 21-мартта республиканын аймагы боюнча күн ачык болот
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Нооруз күнү, 21-мартта өлкөдө жаан-чачын болбойт. Бул туурасында Кыргызгидрометтин өкүлү Махбуба Касымова билдирди.

Анын айтымында, Ноорузда күн менен түн теңелген учурда негизинен аба ырайы бузулбайт, кээ бир жерлерде булут капташы мүмкүн.

Кыргызстандагы майрам жана дем алыш күндөрдүн календары
Кыргызстанда ал түнү температура 6-9 градус жылуу болот. Күндүз термометр +12…+18ди, ал эми түштүк аймакта +20ны көрсөтөт.

21-мартта Нооруз Кыргызстанда бир нече жылдан бери майрамдалып келет. Бул күнү кыргызстандыктар эс алат.

Нооруздун негизги атрибуттарынын бири – сүмөлөк. Sputnik Кыргызстан агенттиги буудайды өндүргөндөн тарта, аны бышырганга чейинки жасоо ыкмасын, сүмөлөк жасоону видеого тартып, анын тарыхына токтолду.